«КНГ» ААКнун негизги акционери болуп мамлекеттин атынан мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду саналат.
Учурда компания Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарында мунай жана газ өндүрүү, жаңы мунай жана газ кендерин изилдөө, өлкөнүн углеводороддук ресурстук потенциалын жогорулатуу максатында өндүрүүнү көбөйтүү жумуштарын аткарууда. Иштеп жаткан кендер менен катар «Кыргызнефтегаз» ААКу жаңы активдерди өздөштүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул жумуштар компанияга жакынкы келечекте да, узак мөөнөттүү келечекте да өсүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын түштүгүндө Кочкор-Ата шаарында жайгашкан бул ишкана мунай жана газ кендерин табуу үчүн геологиялык чалгындоо, мунай жана газ кендерин өздөштүрүү, мунайды кайра иштетүү, мунай өнүмдөрүн жана табигый газды сатуу ишмердиктерин камтыган өндүрүштүк толук циклге ээ болгон жападан жалгыз ишкана болуп саналат.
Акыркы 10 жылда «Кыргызнефтегаз» ААКу аймакта жыл сайын 70 миң тонна тегерегинде мунай өндүрүп келет. Кээ бир жылдарда план аткарылбай, калган учурлары болгон. Бирок, эгемендүүлүктүн 30 жылдык тарыхында “Кыргызнефтегаз” ААКу акыркы 3 жылда чыныгы ийгиликтерге жетишти.
Бүгүнкү күндө бардык көрсөткүчтөр оң тенденцияларды көрсөтүүдө, бургулоо, өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча көрсөткүчтөр өсүүдө.
Нефть өндүрүү графиги
- Миң тонна
- Таза киреше - млн. сом