Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКнун алгачкы бургулоо жумуштарынын башталганына 91 жыл толуп, кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, “Кыргызнефтегаз” ААКнун төрагасы Нургазы Нишанов, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.
Концерттин расмий бөлүгүндө Нургазы Нишанов сөз сүйлөп куттуктап өттү.
“Ардактуу биздин мунай жана газ өндүрүү тармагында иштеген кызматкерлер жана ардагерлер.
Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен ак нийеттен куттуктайм.
Чон жоопкерчилик менен эмгектенип, Калкыбызга ак нийет кызмат кылуу менен, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана кубаттуу экономикасына салым кошуп келүүдөсүздөр.
Биздин ишибиз жогорку кесипкөйлүктү, тазалыкты, чыдамкайлыкты жана талыкпаган эмгекти талап кылат.
Алдынкы жылдарда ишканабыздын өнүктүрүү багытында чон максаттарды койгонбуз. Мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү заводду жанылоо менен, К5 үлгүсүндөгү өнүмдүү чагаруу максаттарыбыз бар.
Ошондой эле ишкана кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо максатында, көп кабаттүү үйлөрдү куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Бийик максаттарга жетүүдө ар бир мунайчы жан дили менен эмгектенүүсү абзел.
Урматтуу бүгүнкү майрамдык салтанаттын катышуучулары! Сөзүмдүн аягында баарыңыздарга бекем ден соолук, ынтымак, үй-бүлөңүздөрдө тынчтык болсун!
Мамлекетибиз өсүп-өнүгө берсин!”- деп белгилеп өттү.
Концерттик программа уланып, белгилүү ырчылардын ырлары жаңырды.
+28