«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому жана «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2009-жылдын 7-октябрында №294 «Майлуусуу IV –Восточный Избаскент» участкасында 5 мунайгаз скважиналарын бургулоо жана эксплуатациялоо боюнча биргелешип иш жүргүзүү боюнча келишим түзөлгөн.
Келишимдин шарттары боюнча «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан проекттик терендиги 1900 дан 2100 метрге жеткен 5 мунайгаз скважиналарын бургулоону жүргүзүү үчүн баасы 8 522 980 АКШ доллары турган бургулоо жабдууларынын комплекси алып келинген.
Бирок көрсөтүлгөн келишим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарын бузуу менен акционердик коомдун кызыкчылыгына каршы түзүлгөн. Ошондой эле келишимдеги баа бирнече суммага жогорулатылып түзүлгөндүктөн Бишкек шаардык сотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 8-октябрындагы чечими менен келишим жараксыз деп табылган. Мындан улам «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому бургулоо жабдууларынын комплексин алып чыгып кетүүгө милдеттүү болгон.
Бирок «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому бургулоо жабдууларынын комплексин алып чыгып кетүүдөн баш тартып, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна карата 8 522 980 АКШ долларын төлөп берүү жөнүндө жана «МайлуусууIV – Восточный Избаскент» участкасындагы 5 мунайгаз скважиналарынан казылып алынган мунайдын 70 пайызын башкача айтканда 2 265 000 АКШ долларын өндүрүү жөнүндө кайрадан доо арыздары менен сотко кайрылган.
10-жылдан ашык убакыттан бери эки тарап сотошуп, бул масселе чечилбей келген. “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагалык кызматына киришкен Мелис Тургунбаев аталган масселени көзөмөлгө алып, мекеменин тийиштүү адистери менен биргеликте иш алып барашты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 18-февралындагы токтому менен «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна карата 8 522 980 АКШ долларын өндүрүү жөнүндөгү доо арызы четке кагылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан акыркы чечим чыкты.