Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу момун мусулмандар!
Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен өзүмдүн жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун атынан куттуктайм.
Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.
Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт–таалай каалайм.
Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин.
Баардыгыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.
Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун.
Сиздерди терен урматтоо менен;
НУРГАЗЫ НИШАНОВ
“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы.