Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүнүн Жашасын айылындагы «Междуреченский» атылышындагы кен орун алган жердин өнөр-жайлык маанисин толук аныктоо үчүн, аймактын геологиялык түзүлүшүн изилдөө иштери башталды.

2022-жылы жүргүзүлгөн сейсмикалык изилдөөнүн негизинде казылуучу чекити аныкталып, тереңдиги 3000 метр бургулоо жумуштарын аткарууга даяр. Ошондой эле электр энергиясын тартуу жана атайын оор техникалар жүрүүчү жолдорду ачуу багытында жумуштар аткарылды.

Бургулоо жумуштарын баштоо аземине КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов катышты. Ошондой эле ишканада мурун иштеп кеткен ардагерлер жамааты дагы катышты.

“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Н. Нишановдун айтымында бургулоо жумуштары пландагыдай ишке ашып, биз күткөндөй мунай жана газ чыгып калса, Сузак районунун конуштарын жана Жалал-Абад шаарынын жашоочуларын жаратылыш газы менен камсыздоого дагы да жакшы мүнкүнчүлүк жаралмак деп белгилеп өттү.

Облус башчысы А. Сыргабаев бургулоо курулмасы менен жакындан таанышып чыкты. Мында жаны алынган техникалар жана  заманбап тетиктер, тийиштүү шаймандар тааныштырылды. А. Сыргабаев  кыргыз мунайчыларына баштап жаткан жумуштарына ийгилик каалап өттү.

Учурда жүргүзүлүп жаткан бургулоо иштери чалгындоо багытында аткарылууда. Бургулоонун жүрүшүндө кенден сынамык алуу, курамын аныктоо, көлөмүн тактоо маселелери каралат.

Бул кен аймактын жер катмарлары боюнча алдын ала так маалымат айтууга болбойт.