«Кыргызнефтегаз» ААКнун кызматкерлери үчүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» эс алуу зонасы ачылды. Жайкы эс алуу учурунда ишкананын кызматкерлери Ыссык-Көл жээгинде өткөрүүгө шарт түзүлдү. Мында бир эле учурда 48 адам эс алууга ылайыкташкан.

“Нефтчи” эс алуу аймагы эки имараттан турат. Эс алуучулар үчүн толук кандуу ыңгайлуу шарттар жаратылган. Эс алуучулар үчүн 3 маал тамак аш уюштурулган. Ошондой эле ашканага керектелүүчү атайын заманбап жабдыктар менен толукталган.

Буга чейин “Кыргызнефтегаз” ААКнун жумушчулары Ыссык-Көлдөгү ар кайсы эс алуу жайларына барып жүрүшкөн. Эми ишкананын өзүнүн карамагында эс алуу аймагы ачылганы чон жетишкендик.

Көл жээгинде эс алуу зонасын ачуу демилгеси буга чейин көтөрүлүп, бирок колдоо таппай келген. “Кыргызнефтегаз“ ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиев жана башкармалыктын төрагасы Нургазы Нишанов аталган маселени колго алып, эс алуу зонасын ачуу үчүн тийиштүү тапшырмаларды берген. Учурда курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алууга даяр.

Мунай өндүрүүдө ишкананын кызматкерлери аба-ырайынын катаал шартына карабастан жумуштарын токтотпой эмгектенишет.  “Кыргызнефтегаз” башкармалыгы жумушчулардын ден-соолугун бекемдөө үчүн алгылыктуу аракеттерди көрүп келет. Алсак “Нефтчи” санатория – профилакториясында жумушчулар даарыланып эс алууга толук шарттар бар. Ошондой эле Арстанбаптагы “Нефтчи” эс алуу зонасы жана “Зорька”лагери иштеп келет. Эми катарга Ыссык-Көлдөгү “Нефтчи” эс алуу аймагы менен толукталды.