Кыргыз-Тажик  чек арасындагы акыркы куралдуу чыр-чатактар, өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасир эткени белгилүү. Мындан улам балдарды  колдоо максатында, Баткендин 100го жакын өспүрүмдүн эс алуусу Арстанбапта  уюштурулду.

“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Мелис Тургунбаевдин жеке демилгеси менен Баткенден келген балдардын эс алуусу уюштурулду. “Кыргызнефтегазга” караштуу “Зорька”  лагеринде  санитардык баардык эрежелер сакталып, коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Өспүрүмдөрдүн көңүлдүү эс алуусу үчүн «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому тарабынан  бардык ыңгайлуу шарттар жаратылган. Тамак-ашынын сапатына чоң маани берилип, балдардын коопсуздугуна көңүл бурулган.