Эгемендүүлүктүн 30 жылдык тарыхында, “Кыргызнефтегаз” ААКнын өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрү биринчи жарым жылдыкта рекордтук чекке жетти.
Ушул жылдын биринчи жарым жылдын жыйынтыгы менен 949 миллион 500 миң сом баланстык киреше тапканга жетишилди. “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коом болуп түзүлгөндөн бери баланстык киреше 949 миллион 500 миң сомго чыккан эмес. Бул көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи ирет катталды.
Былтыр биринчи жарым жылдыкта 361,5 млн. сом гана болгон. Мурунку жылга салыштырмалуу быйыл 588 млн. сомго ашыкча киреше табылды, пландын аткарылышынын пайыздык көрсөткүчү 263го жетти.
Чийки мунай өндүрүү планы 2021-жылдын 6 айында 64 099 тонна каралса, ал эми иш жүзүндө 82 533 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 18 434 тоннага ашыкча өндүрүлдү. Бул дегени 6 айлык план 129% аткарылганынан кабар берет.
Мамлекетке болгон төлөмдөр өз учурунда аткарылууда. Биринчи жарым жылдыкта салык төлөмдөр план боюнча 285 млн сом болсо, анын ордуна 511 млн сом төлөндү. Учурда мекеменин карыздары жок. Бардык чегерүүлөргө төлөмдөр жүргүзүлдү.
“Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагалык кызматын Мелис Тургунбаев аркалап келет. Мекемедеги кесипкөй жумушчулардын жана башкармалыктын туура уюштуруучулук эмгеги менен жогорудагы ийгиликтерге жетишүүдө.