Нефтичилердин кесиптик майрамына карата. “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыктарда чакан жыйындар болуп, куттуктоо сөздөр айтылып, жыл ичинде ак эмгеги, өрнөктүү жумушу, кесипкөйлүгү менен айырмаланган нефтичилерге “Эмгек синирген” аталышындагы медаль тапшырылды. Ошондой эле “Мыкты нефтичи” аталышындагы төш белги ыйгарылды.
Майрамды утурлай Жогорку кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Мамлекеттик мүлк фондунун, облустук жана райондук бийликтин ардак граматалары көп жылдардан бери иштеген кесипкөй адистерге тапшырылды. Ошондой эле акчалай сыйлыктар менен дагы сыйланышты.
“Кыргызнефатегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов баардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгилик каалап өттү. Эмгек жамаатын ынтымагы жана биримдиги менен чоң ийгиликтерди жаратарын белгилеп өттү.