“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын 2-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.
“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2023-жылдын 2-кварталында 82 217 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок иш жүзүндө 89 550 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 7 333 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 108 %га аткарылганын айтты.
Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания жарым жылдыкта 16 млн 208 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 128 %ды түзүүдө.
2023-жылдын жарым жылдыктын жыйынтыгында 1 млрд 205 млн сом таза киреше табууга жетишкенин белгилеп өттү.
Н.Нишанов курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жаткан “Зорька” балдардын эс алуу борбору жана Чолпон-Ата шаарындагы “Нефтчи” эс алуу зонасы боюнча токтолуп өттү.
Төрага алдыда жумушчулар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында иштер жүрүп жатканын айтып өттү. Ошондой эле Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жанылоо багытындагы экинчи этаптагы жумуштары башталганын белгиледи. Эми экинчи этапта каржылоо булактарын табуу жумуштары алып барылат.
Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.