“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2024-жылдын 2-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2024-жылдын 2-кварталында  84 000 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок  иш жүзүндө 85 928 тоннага аткарылды. Жарым жылдыкда план 102,3 %га аткарылды.

Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания жарым жылдыкта 14 млн 397 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 111,7 %ды түзүүдө.

2024-жылдын жарым жылдыктын жыйынтыгында  1 млрд 345 млн сом таза киреше табууда.

Н.Нишанов курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жаткан “Зорька” балдардын эс алуу борбору жана Чолпон-Ата шаарындагы “Нефтчи” эс алуу зонасы боюнча токтолуп өттү.

Ошондой эле Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жанылоо багыты боюнча даярдык башталганын билдирди. Жакынкы күндөр аралыгында капсула салуу иш чарасы өтөөрүн айтып өттү.

Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.