“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыктын бөлүмдөрү арасында футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыктын бөлүмдөрү арасында футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мелдешке  НГОБ,ТТБ, КБИБ, КПК, КНГнын башкармалыктарынан чыккан коммандалар катышты. Жалпы жыйынтык  боюнча биринчи орунга КПК татыктуу болуп, КНГ ААКнун кубогун жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.  Ошондой эле футбол боюнча биринчилике Кыргыз бургулоо иштер башкармалыгы (КБИБ), Волейбол боюнча КПК , стол тенниси боюнча биринчи орунду ТТБ дан Белеков Бакыт , Шахмат боюнча коопсуздук бөлүмүнүн күзөтчүсү Ахмедов  Абазбектер женип чыгышты.  Профсоюз уюмунун дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

Подробнее

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому жана «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому менен соттошуп келген. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан акыркы чечим чыкты.

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому жана «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2009-жылдын 7-октябрында №294 «Майлуусуу IV –Восточный Избаскент» участкасында 5 мунайгаз скважиналарын бургулоо жана эксплуатациялоо боюнча биргелешип иш жүргүзүү боюнча  келишим түзөлгөн.

Келишимдин шарттары боюнча  «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан проекттик  терендиги 1900 дан 2100 метрге жеткен 5 мунайгаз скважиналарын бургулоону жүргүзүү үчүн баасы 8 522 980 АКШ доллары турган бургулоо жабдууларынын комплекси алып келинген.

Бирок көрсөтүлгөн келишим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарын бузуу менен акционердик коомдун кызыкчылыгына каршы түзүлгөн. Ошондой эле келишимдеги баа бирнече суммага жогорулатылып түзүлгөндүктөн Бишкек шаардык сотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 8-октябрындагы чечими менен келишим жараксыз деп табылган. Мындан улам «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому бургулоо жабдууларынын комплексин алып чыгып кетүүгө милдеттүү болгон.

Бирок «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коому бургулоо жабдууларынын комплексин алып чыгып кетүүдөн баш тартып, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна карата 8 522 980 АКШ долларын төлөп берүү жөнүндө жана «МайлуусууIV – Восточный Избаскент» участкасындагы 5 мунайгаз скважиналарынан казылып алынган мунайдын 70 пайызын башкача айтканда 2 265 000 АКШ долларын өндүрүү жөнүндө кайрадан доо арыздары менен сотко кайрылган.

10-жылдан ашык убакыттан бери эки тарап сотошуп, бул масселе чечилбей келген. “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагалык кызматына киришкен Мелис Тургунбаев аталган масселени көзөмөлгө алып, мекеменин тийиштүү адистери менен биргеликте иш алып барашты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 18-февралындагы токтому менен «Юнитрейд компании» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна карата  8 522 980 АКШ долларын өндүрүү жөнүндөгү доо арызы четке кагылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан акыркы чечим чыкты.

 

Подробнее

Нефтичилер арасында спорттук мелдештер

Жыл сайын КНГ ААКнун профсоюз комитетинин массалык ден-соолукту чындоо календардык планы боюнча спорттун футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат жана башка улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп келет.
Кичи футбол боюнча өткөрүлгөн бөлүмдөр аралык мелдеште ТТБ акыркы жылдары лидерликке чыкса волейбол боюнча КБИБ эч кимге мөөрөй бербей келет. Стол тенниси жана шахмат боюнча КПК дайыма активдүүлүктү көрсөтүп келет.
Структуралык бөлүмдөрдүн футбол жана волейбол командалары спорттук кийим кечек (футболка шорта гетр ж.б шаймандар) менен камсыздалган
Подробнее

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз”ААКнун  эмгек жаамааты менен жолугушту. 

Мелис Тургунбаев (НГДУ, УТТ,КУБР, АПАРАТ) баардык машкармалыктарга барып, жумушчулар менен жакындан баарлашты. Төрага аткарылган жана алдыда аткарыла турган жумуштарга токтолду.

Жыйында  2021-жылдын бюджетин пландоо, керектүү тетиктерди камсыздоо, жаны техникаларды алуу, Айлык маянаны жогорулатуу, жумушчуларга түзүлгөн шарттар жана социалдык көйгөйлөр  боюнча масселелер көтөрүлүп, талкуу болуп,  жумушчулар өз ой пикирлерин жана сунуштарын айтышты. М.Тургунбаев нефтичилердин көйгөйүн угуп, тийиштүү жектекчилерге  жеринде тапшырмаларды берди.

Мелис Тургунбаев өз сөзүндө жумуштулар менен тыгыз байланышта болуп, мекемеге заманбап,  иштөө ыкмасын киргизип, алдынкы жылдары “Кыргызнефтегазды” эл аралык делгээлдеги  абройлуу өндүрүштүк ишканага  жеткирүү  максатын айтып өттү.

Подробнее

Были вручены нагрудной знак «Лучший нефтянник» и медаль «Заслуженный нефтянник»

Первое воскресенье Сентября отмечалось праздничным днем нефтянника. Жители Кочкор-Ата названного городом нефтянников, каждый год отмечали праздник на высшем уровне. В этом году связи с пандемией было решено перенести празднование на другой день. Сегодня, в связи с ситуацией, прошло небольшие собрания в управлениях, были сказаны слова поздравления, нефтянникам отметившимся в течении года правым трудом, примерной работой, профессиональностью были вручены медали «Заслуженный». Также был вручен нагрудной знак «Лучший нефтянник»
В преддверии праздника, специалистам проработавшим долгие годы, были вручены Похвальные грамоты, полученные из Жогорку Кенеша, Правительства Кыргызстана, Фонда по управлению государственным имуществом( надо узнать, это ли они имели ввиду написав мүлк фондусунун), районной и областной власти, города Кочкор-Ата и из других направлений. Также, были вознаграждены денежными премиями.

 

Подробнее

В городе Кочкор-Ата были вручены подарки 50 детям в честь нового года

Детям Оставшимся без попечительства родителей, ограниченными возможностями и из малообеспеченных семей, были вручены денежные подарки
Данное мероприятие взял под свой контроль председатель правления ОАО «Кыргызнефтегаз» Мелис Тургунбаев, с целью подарить и поднять праздничное настроение детям

Подробнее
  • 1
  • 2