«ЗОРЬКА» БАЛДАР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ ЛАГЕРИНЕ ЖОЛДОМО!!!

Арсланбап айылында жайгашкан «Зорька» балдырдын ден-соолугун чыңдоо борборуна 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн жолдомолор сатылууда.
1-агым 26-июндан башталат. Эс алуу мөөнөтү 10 күн. Балдарды ташууга транспорт камсыздалат.
Жолдомонун баасы 9000 сом. Жолдомону “Кыргызнефтегаз” ААКтын башкы кеңсесинини кассасынан сатып ала аласыздар.

Кеңсенин дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 44. Керектелүүчү документтер: Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ден-соолугу тууралуу тактама.
Кошумча маалымат үчүн 0990 98 78 58 телефон номерине кайрылыңыздар.

Подробнее

Сузакта изилдөө, чалгындоо максатында мунай жана газ багытында бургулоо жумуштары башталды!

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүнүн Жашасын айылындагы «Междуреченский» атылышындагы кен орун алган жердин өнөр-жайлык маанисин толук аныктоо үчүн, аймактын геологиялык түзүлүшүн изилдөө иштери башталды.

2022-жылы жүргүзүлгөн сейсмикалык изилдөөнүн негизинде казылуучу чекити аныкталып, тереңдиги 3000 метр бургулоо жумуштарын аткарууга даяр. Ошондой эле электр энергиясын тартуу жана атайын оор техникалар жүрүүчү жолдорду ачуу багытында жумуштар аткарылды.

Бургулоо жумуштарын баштоо аземине КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов катышты. Ошондой эле ишканада мурун иштеп кеткен ардагерлер жамааты дагы катышты.

“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Н. Нишановдун айтымында бургулоо жумуштары пландагыдай ишке ашып, биз күткөндөй мунай жана газ чыгып калса, Сузак районунун конуштарын жана Жалал-Абад шаарынын жашоочуларын жаратылыш газы менен камсыздоого дагы да жакшы мүнкүнчүлүк жаралмак деп белгилеп өттү.

Облус башчысы А. Сыргабаев бургулоо курулмасы менен жакындан таанышып чыкты. Мында жаны алынган техникалар жана  заманбап тетиктер, тийиштүү шаймандар тааныштырылды. А. Сыргабаев  кыргыз мунайчыларына баштап жаткан жумуштарына ийгилик каалап өттү.

Учурда жүргүзүлүп жаткан бургулоо иштери чалгындоо багытында аткарылууда. Бургулоонун жүрүшүндө кенден сынамык алуу, курамын аныктоо, көлөмүн тактоо маселелери каралат.

Бул кен аймактын жер катмарлары боюнча алдын ала так маалымат айтууга болбойт.

 

 

 

Подробнее

Алдамчылардын торуна түшүп калуудан сак болуңуз!

Урматтуу кыргызстандыктар! Учурда интернет булактарында “Кыргызнефтегаз” ААКнун атын жамынган белгисиз тараптар жалган маалыматтарды таратууда!

Тактап айтканда https://privatelyinvestor.com аталышындагы сайтында “Кыргызнефтегаз өлкөнүн бардык тургундары үчүн микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” деген чындыка дал келбеген маалымат таратууда. Мыйзамсыз аракеттери менен жарандарды инвестор катары акча каражаттарын салууга үндөп жатат.

Мындан улам “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгы жогорудагы маалыматтарды жалган экенин белгилейбиз. Алдамчылардын торуна түшүп, аларга акча каражаттарын салбоого чакырабыз. Алдамчылардын олжосуна айланып калуудан сак болуңуздар!

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому боюнча расмий маалыматтар https://kng.kg сайттына гана чыгарылат.

Жогорудагы жалган маалыматтарды чектөөгө алуу үчүн жана анын уюштуруучуларын жооперчилике тартуу үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына билдирүү берилди.

Эскертме: Алдамчылыкка кабылган жарандар үчүн “Кыргызнефтегаз” ишканасы эч кандай жоопкерчилик албайт

Подробнее

2023-жылдын жарым жыл аралыгында аткарылган жумуштар!

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын 2-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2023-жылдын 2-кварталында  82 217 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок  иш жүзүндө 89 550 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 7 333 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 108 %га аткарылганын айтты.

Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания жарым жылдыкта 16 млн 208 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 128 %ды түзүүдө.

2023-жылдын жарым жылдыктын жыйынтыгында  1 млрд 205 млн сом таза киреше табууга жетишкенин белгилеп өттү.

Н.Нишанов курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жаткан “Зорька” балдардын эс алуу борбору жана Чолпон-Ата шаарындагы “Нефтчи” эс алуу зонасы боюнча токтолуп өттү.

Төрага алдыда жумушчулар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында иштер жүрүп жатканын айтып өттү. Ошондой эле Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жанылоо багытындагы экинчи этаптагы жумуштары башталганын белгиледи. Эми экинчи этапта каржылоо булактарын табуу жумуштары алып барылат.

Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Подробнее

Базар-Коргондо «Кыргызнефтегаз» ААКнун  «Зорька» эс алуу жайына 300 орундуу коттедж курулду

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында   жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун  “Зорька” эс алуу жайына 300 орундуу  10  коттедж пайдаланууга берилди. Жаныдан буткон заманбап имаратка 300 бала кабыл алынып, учурда алар эс алып жатышат. Андагы жайдын абалы менен  КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу окулу Абсаттар Сыргабаев, «Кыргызнефтегаз» ААКтун жетекчиси Нургазы Нишанов жана аталган мекеменин директорлор кенешинин торагасы Тынарбек Мисиралиев таанышып чыгышты.

“Кыргызнефтегаз” ААКнун профсоюз уюмунун төрагасы Акынбек Раимкуловдун айтымында, андагы балдар эс алуучу жайдын имараттары 1964-жылдары курулган.акыркы 10 жылдан бери балдар жаткан корпустарды жанылоо боюнча маселе которулуп келген.

-Кезинде мындагы лагерде бир учурда 500 бала эс алчу. Бара-бара имараттар эскирип 280дей баланы кабыл алып калганбыз. Акыркы жылдары дал ушул лагерди ондоо боюнча жетекчиликтерге айтып келгенбиз. Былтыр 10 корпусту куруу боюнча курулуш иши башталган, быйылкы жылы июнь айына толук буткорулуп, балдар жаны имаратка кабыл алынды. Коттедждердин ичинде жуунчу жайы,ажатканасына чейин киргизилди. Заманбап шарт жаратуу учун канализация маселеси жолго коюлду. Лагер аймагында тротуарлар кошо салынды. Бул мумкунчулуктубиз коп жылданбери кутуп келгенбиз,буйруса ишке да ашыраалдык-дейт ал.

Биринчи агымда эс алып жаткан балдардын майрамдык салтанатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчиси Нургазы Нишанов балдар учун ар дайым камкордук болоорун белгилеп, быйылкы жылы балдарды кабыл алуу токтогондон кийин дагы 10 коттедж куруу жумушу башталаарын белгиледи.

-Азыр 300 бала эс алып атасыздар, дагы 10 коттедж салынса бир учурда 600 бала эс алууга  шарт жаратылат. Ашканалар жаныланат. Балдар эн сонун эс алып кетууго мындан ары да  мумкунчулуктор  тузулот-деди ал.

Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Зорька” эс алуу жайы негизинен «Кыргызнефтегаз» ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылып жатат. Ошондой эле  Кочкор-Ата шаар мэриясы да балдарды эс алдыра алат. Келишим негизде башка мекемелердин балдары да кабыл алынат.

Мындагы мекеменин Арстанбапта кызматкерлер учун да эс алуучу жайы бар.  Ал эми быйылкы жылы биринчи жолу кызматкерлер учун  Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» эс алуу зонасы ачылды. Мында бир эле учурда 48 адам эс алууга ылайыкташкан.

Подробнее

Борбор Азиядагы Америка Университетине окууга өткөн нефтичилердин балдарына колдоо көргөзүлөт.

“Кыргызнефтегаз” ААКнын жумушчуларынын балдары Борбор Азиядагы Америка Университетине кабыл алынса, мекеме толугу менен студентиң окуу төлөмдөрүн окууну аяктаганга чейин төлөп берет. Мындай билдирүүнү “Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагасы Мелис Тургунбаев мекеменин жыйынында билдирди. Жылына бирден студенти (АУЦА) Борбор Азиядагы Америка Университетине билим алуусуна финансылык колдоо көргөзүлөт. Ошол студент окуп, аяктап келгенден кийин, “Кыргызнефтегаз” ишканасынан жоопту жана эмгек маянасы жакшы кызмат орундары менен да камсыз болот. Студент алган билимин, тажрыйбасын, кесипкөйлүк аракетин “Кыргызнефтегазда” көргөзүүгө шарт жаралат.
Мындай жөрөлгө “Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагасы М. Тургунбаевдин жеке демилгеси менен уюштурулуп жатат. Буга чейин мындай мукунчулук муңайчыларга түзүлгөн эмес.
Мекемеге билимдуу, кесипкөй адистерди даярдоо жана Кочкор-Аталык жаштарды колдоо ошондой эле жумушчуларга (стимул) түрткү берүү максатында уюштурулуп жатканы белгиленди.

Подробнее

Өрт чыккан учурдагы аракеттер, эвакуациялоо жана жабыркагандарды коопсуз аймака жеткирүүгө бала бакча кызматкерлери аракет кылып жатышты.

Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ААКсына таандык №5-Бала бакчанын ашканасында өрт чыкты. Мындай билдирүү таң эрте  тийиштүү кызмат өкүлдөрүнө билдирилди . Мындан  максат өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда бала бакча казматкерлери кандай чара көрүш керек. Алардын аракетине келген комиция байкоо салып турушту.

Өрт чыккан учурдагы аракеттер, эвакуациялоо жана жабыркагандарды коопсуз аймака жеткирүүгө бала бакча кызматкерлери аракет кылып жатышты. Жабыркагандарга алгачкы жардам көргөзүлдү. Өрт өчүрүү кызматына билдирүү берилип, чакырылды.

Күтүлбөгөн учурда өзгөчө кырдаалдарда мекеме ишканалардын куткаруу абалын текшерүү болчу. Ишчарага “Кыргызнефтегаз” ААКсына караштуу газ сатуу бөлөмө жана өрт өчүрүү кызматы ошондой эле коопсуздук кызматынын жумушчулары катышты.

Мындай иш чара 2021-жылга “Кыргызнефтегаз”ААКнын жарандык коргонуу боюнча даярдык иш мерчеминин алкагында жүргүзүлдү. Машугуулар айсайын “Кыргызнефтегаз” ААКсына таандык баардык башкармалыктарда өткөрүлүп турат.

Подробнее

Бүгүн “Кыргызнефтегаз” ААКнун жалпы эмгек жамаатынын жигиттери айымдарды куттукташты.

 

Алгачкылардан болуп, “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкы инженери Зайырбек Ажикулов  сөз сүйлөп, жашообуздагы айымдардын орду зор экенин белгилеп,                                            жумушта дагы кесипкөй айымдардын өндүрүштөгү салымы чон экенин айтып,  баардык айымдарды куттуктап өттү.

Мырзалардын куттуктоолорунан кийин айымдарга гүл жана атайын  даярдалган   белектер тапшырылды.                                                                                                                               “Кыргызнефтегаз” ААКнун төрагасы М. Тургунбаевдин атынан баардык башкармалыкта, бөлүмдөрдө иштеган айымдарга шириндиктер,                                                                              таттуулар белеке берилип, куттуктоолор жөнөтөлдү.

 

Подробнее

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыктын бөлүмдөрү арасында футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыктын бөлүмдөрү арасында футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мелдешке  НГОБ,ТТБ, КБИБ, КПК, КНГнын башкармалыктарынан чыккан коммандалар катышты. Жалпы жыйынтык  боюнча биринчи орунга КПК татыктуу болуп, КНГ ААКнун кубогун жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.  Ошондой эле футбол боюнча биринчилике Кыргыз бургулоо иштер башкармалыгы (КБИБ), Волейбол боюнча КПК , стол тенниси боюнча биринчи орунду ТТБ дан Белеков Бакыт , Шахмат боюнча коопсуздук бөлүмүнүн күзөтчүсү Ахмедов  Абазбектер женип чыгышты.  Профсоюз уюмунун дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

Подробнее
  • 1
  • 2