Президент Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКда болду.
Мамлекет башчысына өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана аны модернизациялоо пландары тууралуу маалымат берилди.
Учурда «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК долбоорлоо, модернизациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны чыгарууга өтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чараларды көрүп жатат. Модернизациялоонун натыйжасында заводдун продукциясынын ассортименти бир кыйла кеңейет. Бул мунай өнүмдөрүнүн сегментинде жаңы рыноктордун өнүгүшүн камсыз кылат жана ТРТСтин Евро-4 жана Евро-5 ченемдик талаптарына жооп берет.
Мамлекет башчысына «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүнүн тарыхындагы рекорддук көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Алсак, завод 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, үстүбүздөгү жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү.
Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө «Кыргыз Петролеум Компани» ААКка 100% ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ЖАК дагы жетишкен. Алсак, компаниянын үстүбүздөгү жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге), мунай өндүрүү 147 миң тоннадан 173 миң тоннага (1,2 эсеге өсүү), 2021-жылы салыктык чегерүү былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 884 миллион сомго (1,5 эсеге өскөн) өсүп 1,4 миллиард сомду түздү, 2020-жылы кайра иштетүү көлөмү 132 миң тоннаны, быйыл 165 миң тоннаны (өсүү 1,3 эсеге) түздү.
Садыр Жапаров быйылкы жылы ишкананын ишмердүүлүгүнүн оң динамикасын белгилеп, уурулук кылбай, таза иштөөгө болоорун белгиледи.
«Мен буга чейин бул жакка келип кеткем. Ишкананы жакшы сактап калыпсыңыздар. Бул багытта иш алып барган облустагы жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн керектөөсүнүн 6-7% гана камсыздайт, бул жетишсиз. Завод жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү, аны ушул көрсөткүчкө жеткирүү зарыл», – деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттик ишканалар ушундай жол менен жанданып жатканын баса белгиледи. Мисалы, «Манас» эл аралык аэропорту 3 миллиард сом таза киреше тапса, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы да кирешеси жок болсо, азыр анын таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түздү.
Садыр Жапаров мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин ак ниет жана таза эмгегинен алардын бакубаттулугу көз каранды экенин, бул алардын маянасына оң таасирин тийгизерин белгиледи. Жер жерлерде коррупцияга жана анын ар кандай көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү маанилүү.
Мамлекет башчысы мунай иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо жана чыгарылган өнүмдүн сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ишкананы иштетүү жана модернизациялоо боюнча маселелерди өз убагында чечүүнү тапшырды.
Андан соң Президент Садыр Жапаров өндүрүш тилкесин карап, өндүрүштүк бөлүмдүн иш процесси менен таанышып, ошондой эле ишкананын кызматкерлери менен баарлашып жана алардын иштөө шарттарына кызыкты.
Кызматкерлер менен болгон баарлашууда Мамлекет башчысы ишкананы модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул үчүн мамлекет керектүү каражатты табаарын билдирди.
Өз кезегинде кызматкерлер мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти. Айтымдарында, жаңы жетекчилик алардын иштөө шарттарын жакшыртууда, анын ичинде ишкананын жумушчуларынын эмгек акысы көтөрүлгөн.
Подробнее

Бүгүн коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнүн белгилөөнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун прокурору Жумабеков Замирбек Артисбековичдин катышуусунда “Кыргызнефтегаз” компаниясынын эмгек жамааты менен жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө прокурор Замирбек Жумабеков мамлекеттеги мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларда өзгөртүүлөр турасында маалымат берди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү иш чараларын талкуулашты.

Ар жыл сайын 9-декабрда дүйнө жүзү боюнча коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнү белгиленет. Коррупция экономиканын өсүшүн басаңдатат. Мындан улам коррупция менен күрөшүү багытында үзгүлтүксүз иш пландарды жүргүзүү боюнча жыйында талкуу жүрдү.

Подробнее

Компаниянын экономикалык жана өңдүрүштүк көрсөткүчтөрү өсүүдө.

♦ Ишкана тарыхында жаңы баскычка көтөрүлө алды. Киреше мурунку жылга салыштырмалуу үч жарым эсеге көбөйдү. Жаш, билимдүү адистердин эмгеги зор. Төрага М.Тургунбаев жыл соңуна чейин төрт жарым эсеге көтөрүүнүн аракетинде.

Подробнее

Нефтичилер арасында спорттук мелдештер

Жыл сайын КНГ ААКнун профсоюз комитетинин массалык ден-соолукту чындоо календардык планы боюнча спорттун футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат жана башка улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп келет.
Кичи футбол боюнча өткөрүлгөн бөлүмдөр аралык мелдеште ТТБ акыркы жылдары лидерликке чыкса волейбол боюнча КБИБ эч кимге мөөрөй бербей келет. Стол тенниси жана шахмат боюнча КПК дайыма активдүүлүктү көрсөтүп келет.
Структуралык бөлүмдөрдүн футбол жана волейбол командалары спорттук кийим кечек (футболка шорта гетр ж.б шаймандар) менен камсыздалган
Подробнее

КЫРГЫЗ ПЕТРОЛЕУМ КОМПАНИ” ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

“Кыргызнефтегаздын” Кыргызстандын Түштүгүндө – Кочкор-Ата шаарында жайгашышы болсо, экинчиден Жалал-Абаддагы темир жолго байланыштуу болчу. Кандай болгон учурда да, бул өнөр жай ишканасынын курулуп, пайдаланууга берилиши бул аймак үчүн чоң утуш эле. Баарыбызга белгилүү биринчиден экономикалык жактан аксап турган өлкөнүн, эң башкысы Жалал-Абад шаарынын бюджети үчүн пайдалуу болсо, экинчиден көпчүлүккө маалым жумушсуз калган кадрлардын иш менен камсыздалышына шарт жаратылды. Дал ошол жылдын октябрь айында жылына 500 000 тонна чийки затты кайра иштетүүгө ылайыкташкан бул заводдун курулушу ийгиликтүү аяктап, салтанаттуу түрдө ачылды. Заводдун продукциялары: бензин, дизелдик отун жана мазут түрлөрү болгон.

Мындагы заманбап тактап айтканда чет өлкөдөгүдөй шарт менен бул өндүрүштүк мекеме ошол жылы өз кадамын ишенимдүү баштады. Мындагы адистер жана жумушчулар жашырбай айтканда Кыргызстандын шартына салыштырганда бир кыйла жогорку эмгек маяна алуу менен иштешти. Бул мекеме чынында Жалал-Абад шаарында экономикалык мүмкүнчүлүгү жогору өнөр жай ишканасы саналган.

Алгачкы жылдары жалпысынан заводдо чет өлкөлүк кесипкөй адистер менен жергиликтүү адистер иштешкен.

Заводдо өндүрүлгөн нефти кайра иштетүүдөн өткөндөн соң, мазут, дизель (солярка) жана АИ-80 күйүүчү майы алынган. Негизинен заводдо эң баалуу продукт дизель эсептелинген.

Подробнее