“Кыргызнефтегаздын” Кыргызстандын Түштүгүндө – Кочкор-Ата шаарында жайгашышы болсо, экинчиден Жалал-Абаддагы темир жолго байланыштуу болчу. Кандай болгон учурда да, бул өнөр жай ишканасынын курулуп, пайдаланууга берилиши бул аймак үчүн чоң утуш эле. Баарыбызга белгилүү биринчиден экономикалык жактан аксап турган өлкөнүн, эң башкысы Жалал-Абад шаарынын бюджети үчүн пайдалуу болсо, экинчиден көпчүлүккө маалым жумушсуз калган кадрлардын иш менен камсыздалышына шарт жаратылды. Дал ошол жылдын октябрь айында жылына 500 000 тонна чийки затты кайра иштетүүгө ылайыкташкан бул заводдун курулушу ийгиликтүү аяктап, салтанаттуу түрдө ачылды. Заводдун продукциялары: бензин, дизелдик отун жана мазут түрлөрү болгон.

Мындагы заманбап тактап айтканда чет өлкөдөгүдөй шарт менен бул өндүрүштүк мекеме ошол жылы өз кадамын ишенимдүү баштады. Мындагы адистер жана жумушчулар жашырбай айтканда Кыргызстандын шартына салыштырганда бир кыйла жогорку эмгек маяна алуу менен иштешти. Бул мекеме чынында Жалал-Абад шаарында экономикалык мүмкүнчүлүгү жогору өнөр жай ишканасы саналган.

Алгачкы жылдары жалпысынан заводдо чет өлкөлүк кесипкөй адистер менен жергиликтүү адистер иштешкен.

Заводдо өндүрүлгөн нефти кайра иштетүүдөн өткөндөн соң, мазут, дизель (солярка) жана АИ-80 күйүүчү майы алынган. Негизинен заводдо эң баалуу продукт дизель эсептелинген.