2023-жылдын жарым жыл аралыгында аткарылган жумуштар!

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын 2-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2023-жылдын 2-кварталында  82 217 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок  иш жүзүндө 89 550 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 7 333 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 108 %га аткарылганын айтты.

Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания жарым жылдыкта 16 млн 208 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 128 %ды түзүүдө.

2023-жылдын жарым жылдыктын жыйынтыгында  1 млрд 205 млн сом таза киреше табууга жетишкенин белгилеп өттү.

Н.Нишанов курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алып, иштеп жаткан “Зорька” балдардын эс алуу борбору жана Чолпон-Ата шаарындагы “Нефтчи” эс алуу зонасы боюнча токтолуп өттү.

Төрага алдыда жумушчулар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу максатында иштер жүрүп жатканын айтып өттү. Ошондой эле Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жанылоо багытындагы экинчи этаптагы жумуштары башталганын белгиледи. Эми экинчи этапта каржылоо булактарын табуу жумуштары алып барылат.

Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Подробнее

Базар-Коргондо «Кыргызнефтегаз» ААКнун  «Зорька» эс алуу жайына 300 орундуу коттедж курулду

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында   жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун  “Зорька” эс алуу жайына 300 орундуу  10  коттедж пайдаланууга берилди. Жаныдан буткон заманбап имаратка 300 бала кабыл алынып, учурда алар эс алып жатышат. Андагы жайдын абалы менен  КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу окулу Абсаттар Сыргабаев, «Кыргызнефтегаз» ААКтун жетекчиси Нургазы Нишанов жана аталган мекеменин директорлор кенешинин торагасы Тынарбек Мисиралиев таанышып чыгышты.

“Кыргызнефтегаз” ААКнун профсоюз уюмунун төрагасы Акынбек Раимкуловдун айтымында, андагы балдар эс алуучу жайдын имараттары 1964-жылдары курулган.акыркы 10 жылдан бери балдар жаткан корпустарды жанылоо боюнча маселе которулуп келген.

-Кезинде мындагы лагерде бир учурда 500 бала эс алчу. Бара-бара имараттар эскирип 280дей баланы кабыл алып калганбыз. Акыркы жылдары дал ушул лагерди ондоо боюнча жетекчиликтерге айтып келгенбиз. Былтыр 10 корпусту куруу боюнча курулуш иши башталган, быйылкы жылы июнь айына толук буткорулуп, балдар жаны имаратка кабыл алынды. Коттедждердин ичинде жуунчу жайы,ажатканасына чейин киргизилди. Заманбап шарт жаратуу учун канализация маселеси жолго коюлду. Лагер аймагында тротуарлар кошо салынды. Бул мумкунчулуктубиз коп жылданбери кутуп келгенбиз,буйруса ишке да ашыраалдык-дейт ал.

Биринчи агымда эс алып жаткан балдардын майрамдык салтанатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчиси Нургазы Нишанов балдар учун ар дайым камкордук болоорун белгилеп, быйылкы жылы балдарды кабыл алуу токтогондон кийин дагы 10 коттедж куруу жумушу башталаарын белгиледи.

-Азыр 300 бала эс алып атасыздар, дагы 10 коттедж салынса бир учурда 600 бала эс алууга  шарт жаратылат. Ашканалар жаныланат. Балдар эн сонун эс алып кетууго мындан ары да  мумкунчулуктор  тузулот-деди ал.

Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Зорька” эс алуу жайы негизинен «Кыргызнефтегаз» ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылып жатат. Ошондой эле  Кочкор-Ата шаар мэриясы да балдарды эс алдыра алат. Келишим негизде башка мекемелердин балдары да кабыл алынат.

Мындагы мекеменин Арстанбапта кызматкерлер учун да эс алуучу жайы бар.  Ал эми быйылкы жылы биринчи жолу кызматкерлер учун  Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» эс алуу зонасы ачылды. Мында бир эле учурда 48 адам эс алууга ылайыкташкан.

Подробнее

Н.Нишанов: Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен өзүмдүн жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун атынан куттуктайм.

«Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен өзүмдүн жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун атынан куттуктайм.

Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.

Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт–таалай каалайм.

Чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин.

Баардыгыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун.

Сиздерди терен урматтоо менен; НУРГАЗЫ НИШАНОВ “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы.

Подробнее

Ысык-Көл жээгинде “Нефтчи” эс алуу зонасы ачылды.

«Кыргызнефтегаз» ААКнун кызматкерлери үчүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Нефтчи» эс алуу зонасы ачылды. Жайкы эс алуу учурунда ишкананын кызматкерлери Ыссык-Көл жээгинде өткөрүүгө шарт түзүлдү. Мында бир эле учурда 48 адам эс алууга ылайыкташкан.

“Нефтчи” эс алуу аймагы эки имараттан турат. Эс алуучулар үчүн толук кандуу ыңгайлуу шарттар жаратылган. Эс алуучулар үчүн 3 маал тамак аш уюштурулган. Ошондой эле ашканага керектелүүчү атайын заманбап жабдыктар менен толукталган.

Буга чейин “Кыргызнефтегаз” ААКнун жумушчулары Ыссык-Көлдөгү ар кайсы эс алуу жайларына барып жүрүшкөн. Эми ишкананын өзүнүн карамагында эс алуу аймагы ачылганы чон жетишкендик.

Көл жээгинде эс алуу зонасын ачуу демилгеси буга чейин көтөрүлүп, бирок колдоо таппай келген. “Кыргызнефтегаз“ ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиев жана башкармалыктын төрагасы Нургазы Нишанов аталган маселени колго алып, эс алуу зонасын ачуу үчүн тийиштүү тапшырмаларды берген. Учурда курулуш жумуштары аяктап, эс алуучуларды кабыл алууга даяр.

Мунай өндүрүүдө ишкананын кызматкерлери аба-ырайынын катаал шартына карабастан жумуштарын токтотпой эмгектенишет.  “Кыргызнефтегаз” башкармалыгы жумушчулардын ден-соолугун бекемдөө үчүн алгылыктуу аракеттерди көрүп келет. Алсак “Нефтчи” санатория – профилакториясында жумушчулар даарыланып эс алууга толук шарттар бар. Ошондой эле Арстанбаптагы “Нефтчи” эс алуу зонасы жана “Зорька”лагери иштеп келет. Эми катарга Ыссык-Көлдөгү “Нефтчи” эс алуу аймагы менен толукталды.

Подробнее

2023-жылдын 100 күн аралыгында аткарылган жумуштар!

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын I-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.
“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2023-жылдын 1-кварталында 39 708 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок иш жүзүндө 43 943 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 110,7% аткарылды.
Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7%ды түзүүдө.
2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7% аткарылды.
Н.Нишанов жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып жатканын айтып өттү. “Зорька” лагеринде жаны катедждер курулуп бүттү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ыссык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатканын белгилеп өттү.
Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.
Подробнее

“Мыкты нефтичи” аталышындагы төш белги жана “Эмгек синиргең нефтичи” медаль тапшырылды!

Нефтичилердин кесиптик майрамына карата. “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыктарда чакан жыйындар болуп, куттуктоо сөздөр айтылып, жыл ичинде ак эмгеги, өрнөктүү жумушу, кесипкөйлүгү менен айырмаланган нефтичилерге “Эмгек синирген” аталышындагы медаль тапшырылды. Ошондой эле “Мыкты нефтичи” аталышындагы төш белги ыйгарылды.
Майрамды утурлай Жогорку кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Мамлекеттик мүлк фондунун, облустук жана райондук бийликтин ардак граматалары көп жылдардан бери иштеген кесипкөй адистерге тапшырылды. Ошондой эле акчалай сыйлыктар менен дагы сыйланышты.
“Кыргызнефатегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов баардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгилик каалап өттү. Эмгек жамаатын ынтымагы жана биримдиги менен чоң ийгиликтерди жаратарын белгилеп өттү.
Подробнее

2022-жылдын 11-сентябрь күнү “Кыргызнефтегаз” ААКнын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет!

“Кыргызнефтегаз”ААКнын кызматкерлери бул майрамды жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүп келет.  Быйыл дагы “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгы майрамдык шоу концерт жана спорттук иш чараларды өткөрүүнү пландоодо.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын мега жылдыздарынын коштоосунда чоң программадагы концерт уюштурулуп. Бул майрам мурдагы жылдардан башкача маанай, өзгөчө шаң менен өтүүсү күтүлүүдө.

Подробнее