Өндүрүштүк аймактагы бургулоо жумуштары жүрүп жаткан №1067чи кудугунда өрт чыкты. Мындагы кызматкерлер күтүлбөгөн кырсыкты жою максатында керектүү чараларды көрүштү.
Өндүрүштө кезигүүчү кырсыкты алдын алуу менен бирге, кырсык болгон жерде туура жана өз убагында медициналык жардамды берүү, аны уюштура билүү, тез аранын ичинде жакынкы медициналык пунктка же ооруканага жеткирүү жумуштарын машыгуу учурунда кызматкерлер аткарышты.
Ошондой эле «Кыргызнефтегаз» ААКнын атайын даярдыктагы өрт өчүрүү кызматынын тобу катышты.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын атайын даярдыктагы жарандык коргонуу жана өрт өчүрүү кызматынын даярдыгын текшерүү максатында жогорудагы машыгуу болуп өттү.
Эске сала кетсек «Кыргызнефтегаз»ААКнын башкармалыгы тарабынан өрт өчүрүү кызматына атайын жаңы техникалар, тийиштүү жабдыктар менен толукталган.