"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК


ОАО «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы административдик-чарбалык кызматка караштуу кызматтык жайларды тазалоочу жумушчу кесиби боюнча бош кызмат ордун толтуруу үчүн конкурс жарыялайт — 1 бош орун.
02-02-2026 Модератор

ЖАРЫЯ!

ОАО «Кыргызнефтегаз» ишканасынын мунай жана газ өндүрүү башкармалыгы административдик-чарбалык кызматка караштуу кызматтык жайларды тазалоочу жумушчу кесиби боюнча бош кызмат ордун толтуруу үчүн конкурс жарыялайт — 1 бош орун.

Талаптар:

  • орто же орто кесиптик билим.

Кызматтык милдеттери:

  • ички эмгек тартибинин негизги эрежелерин сактоо;

  • тазалоо иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо;

  • жумушчу кабинеттерди, кабыл алуу бөлмөсүн жана башка кызматтык жайларды тазалоо;

  • коридорлорду, тепкичтерди жана башка жалпы пайдалануудагы аймактарды тазалоо;

  • санитардык түйүндөрдү санитардык тазалоо жана тазалоо шаймандарын жуу;

  • тазалоо учурунда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

  • эки сүрөтү тиркелген анкета;

  • паспорттун көчүрмөсү;

  • билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

  • жоюлбаган же алынбаган соттуулугу жок экендигин тастыктаган документ.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер ОАО «Кыргызнефтегаз» мунай жана газ өндүрүү башкармалыгынын кадрлар бөлүмүндө жарыя сайтта жарыяланган күндөн тартып 2026-жылдын 09-февралына чейин (кошуп эсептегенде), саат 8:00дөн 17:00гө чейин кабыл алынат.

Дарек: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1.

Конкурс 2026-жылдын 11-февралында, саат 14:00дө, ОАО «Кыргызнефтегаз» мунай жана газ өндүрүү башкармалыгында өтөт.

Дареги: Кочкор-Ата шаары, Ленин көчөсү, 1.