"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишановдун 2026-жылга карата Жаңы жылдык куттуктоосу

31-12-2025 Модератор

Урматтуу кесиптештер, ардагерлер жана «Кыргызнефтегаз» ААКнын чоң жамааты!

Сиздерди кирип келе жаткан 2026-Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Өтүп бара жаткан 2025-жыл биз үчүн олуттуу жоопкерчиликтерди, маанилүү чечимдерди жана үзүрлүү эмгекти камтыган жыл болду. Биргелешкен аракеттердин, кесипкөйлүктүн жана ынтымактын аркасында биз алдыбызга коюлган негизги милдеттерди аткарып, өндүрүштүк, инвестициялык жана социалдык багыттар боюнча туруктуу жыйынтыктарга жетише алдык.

Ар бириңиздердин эмгегиңиздер, ишке болгон берилгендигиңиздер жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин салымыңыздар ишкананын өнүгүүсүнө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган маанилүү иштин негизи болуп саналат.

Жаңы 2026-жыл бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, ийгиликтүү долбоорлорду жана жакшы жыйынтыктарды алып келет деп ишенем. Ал жыл ар бир үй-бүлөгө тынчтыкты, бакубатчылыкты, бекем ден соолукту жана молчулукту тартууласын.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгилик жана жаркын келечек каалайм. Жаңы жылыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен,
«Кыргызнефтегаз» ААКнын
Башкармалыгынын төрагасы
Нургазы Нишанов