Ооз ачардын жүрүшүндө катмы куран окулуп, ишканада иштеп, кайтыш болгон инсандарга арналып дуба кылынды.
Ошондой эле мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн дуба тилектер айтылды.
250 орундук даярдалып, дасторкон жайылды. Ишканада иштеп кеткен ардагерлери жана Кочкор-Ата шаарынын ак сакалдары менен ишкана кызматкерлер катышты.