Н.Нишановдун Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу!
Кочкор-Ата шаарында нефтичилердин кесиптик майрамы белгиленди
“Кыргызнефтегаз”ААКнун башкармалыгынын төрагасы Н. Нишановдун эгемендүүлүк майрамга карата куттуктоосу.
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен өзүмдүн жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун атынан чын жүрөктөн куттуктайм.
Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.
Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз.
Кайталангыс тарыхка ээ кыргыз эли кылымдар бою эркиндик үчүн күрөшүп, ата-бабаларыбыз баштап кеткен эгемендиктин чыйырын улантып келүүдө. Уюткулуу улут катары калыптанып, даңктуу тарыхый узун жолду басып өтүүдөбүз.
Элибиз ынтымакта, биримдикте жашап, өлкөбүз дагы да өнүгүп, эркиндиктин желеги түбөлүк желбиреп турсун!
Жакшылыктар ыроолоп, ар бирибиздин жаратман иштерибизди ийгиликтер коштосун!
Эгемендүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!
Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен: Нургазы Нишанов. “Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагасы.
Сузакта изилдөө, чалгындоо максатында мунай жана газ багытында бургулоо жумуштары башталды!
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүнүн Жашасын айылындагы «Междуреченский» атылышындагы кен орун алган жердин өнөр-жайлык маанисин толук аныктоо үчүн, аймактын геологиялык түзүлүшүн изилдөө иштери башталды.
2022-жылы жүргүзүлгөн сейсмикалык изилдөөнүн негизинде казылуучу чекити аныкталып, тереңдиги 3000 метр бургулоо жумуштарын аткарууга даяр. Ошондой эле электр энергиясын тартуу жана атайын оор техникалар жүрүүчү жолдорду ачуу багытында жумуштар аткарылды.
Бургулоо жумуштарын баштоо аземине КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов катышты. Ошондой эле ишканада мурун иштеп кеткен ардагерлер жамааты дагы катышты.
“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Н. Нишановдун айтымында бургулоо жумуштары пландагыдай ишке ашып, биз күткөндөй мунай жана газ чыгып калса, Сузак районунун конуштарын жана Жалал-Абад шаарынын жашоочуларын жаратылыш газы менен камсыздоого дагы да жакшы мүнкүнчүлүк жаралмак деп белгилеп өттү.
Облус башчысы А. Сыргабаев бургулоо курулмасы менен жакындан таанышып чыкты. Мында жаны алынган техникалар жана заманбап тетиктер, тийиштүү шаймандар тааныштырылды. А. Сыргабаев кыргыз мунайчыларына баштап жаткан жумуштарына ийгилик каалап өттү.
Учурда жүргүзүлүп жаткан бургулоо иштери чалгындоо багытында аткарылууда. Бургулоонун жүрүшүндө кенден сынамык алуу, курамын аныктоо, көлөмүн тактоо маселелери каралат.
Бул кен аймактын жер катмарлары боюнча алдын ала так маалымат айтууга болбойт.
Алдамчылардын торуна түшүп калуудан сак болуңуз!
Урматтуу кыргызстандыктар! Учурда интернет булактарында “Кыргызнефтегаз” ААКнун атын жамынган белгисиз тараптар жалган маалыматтарды таратууда!
Тактап айтканда https://privatelyinvestor.com аталышындагы сайтында “Кыргызнефтегаз өлкөнүн бардык тургундары үчүн микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты” деген чындыка дал келбеген маалымат таратууда. Мыйзамсыз аракеттери менен жарандарды инвестор катары акча каражаттарын салууга үндөп жатат.
Мындан улам “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгы жогорудагы маалыматтарды жалган экенин белгилейбиз. Алдамчылардын торуна түшүп, аларга акча каражаттарын салбоого чакырабыз. Алдамчылардын олжосуна айланып калуудан сак болуңуздар!
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому боюнча расмий маалыматтар https://kng.kg сайттына гана чыгарылат.
Жогорудагы жалган маалыматтарды чектөөгө алуу үчүн жана анын уюштуруучуларын жооперчилике тартуу үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына билдирүү берилди.
Эскертме: Алдамчылыкка кабылган жарандар үчүн “Кыргызнефтегаз” ишканасы эч кандай жоопкерчилик албайт
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун карамагындагы “Зорька” балдардын эс алуу борборуна барды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагында жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун карамагындагы “Зорька” балдардын эс алуу борборуна барды. А. Жапаров лагердеги жаны курулган коттедждер менен таанышып чыкты. “Кыргызнефатегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жаны курулуштар жана балдарга түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берди.
Эске салсак “Кыргызнефтегаз” ААКна караштуу “Зорька” балдар эс алуу борбору 1964-жылы курулган. Жалпы аянты 8,32 Га. Ар жылы лагерде балдар үчүн жайкы эс алуу уюштурулуп, жылына 5 агым болот, ар бир агымда 250-260 бала келип эс алып кетишет. Жалпы эсеп боюнча бир жылда лагерде 1250-1300 бала эс алат. Ар бир агымда балдардын эс алуусунда тамак-аш уюштуруу, тарбиялык-эстетикалык, денени чыңдоо жана алардын коопсуздугу жаатында иш алып баруу үчүн 40 тан ашуун кызматкер эмгектенет.
Биздин келечегибиз болгон жаш муундарга лагерди реконструкциялоо максатында 2022-жылы заманбап эреже жана нормаларга жооп берген 10 коттедж куруу боюнча “Север-Юг” ЖЧК ишканасы менен 2022-жылдын 14-июлунда тендердик негизде жалпы сумма 42 062 278, 77 сомго келишим түзүлдү. Курулуш иштери 2022-жылдын күз мезгилинде башталып курулуш-монтаждоо иштери өз убагында ийгиликтүү аяктады. Жаны курулган коттедждер боюнча кыскача айтып кетсек, ар бир коттедждин аянты 140 м2, 30 орундуу, ар биринин өзүнчө санузелдери, жуунучу жайлары (душ) бар жана онлайн коопсуздук байкоочу камералар менен жабдылган. Андан сырткары жалпы лагерь боюнча суу менен камсыздоо түтүктөрү жаңыдан орнотулуп, заманбап талапка жооп берүүчү тазалоочу (очистное сооружение) курулма курулду. Лагердин ичиндеги жалпы тратуарлар курулду, тамактануучу, жуунучу жай ж.б. имараттарда оңдоп түзөө иштери жыл сайын жүргүзүлүп келет.
Бул жылы жаңы салынган коттедждерде ар бир агымда 300 бала эс алат, балдар үчүн 5 агым уюштуруу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө 300 бала I агымда эс алып кетишти, алардын ичинен I агымда Кочкор-Ата мэриясына бөлүнгөн квотанын эсебинен 50 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энесинен ажыраган балдар дем алды. Ушул жылдын август айынын аягында, дагы 10 жаңы коттедж куруу пландарыбыз ишке ашып калса, ар бир агымда эс алуучу балдардын саны 300 дөн 600 гө, башкача айтканда 2 эсеге көбөйөт жана башка район шаарлардын балдарын эс алдырууга шарт түзүлөт.