Урматтуу айымдар, асылзат апалар жана ажарлуу эже-карындаштар!

8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен өзүмдүн жана “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын атынан чын дилимден куттуктаймын!

Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, шыктандырып турат. Айымдар — биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи.

Ардактуу асылзат айымдар!

Ушул жадыраган жаз майрамында баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайбыз! Кыргыздын чыгаан уул-кыздарын эрезеге жеткирип, аруулуктун, сулуулуктун символу болуп жүрө бериӊиздер!

Сиздерди терен урматтоо менен, НУРГАЗЫ НИШАНОВ “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы.