"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

Урматтуу жарандар жана “Кыргызнефтегаз” ААКнын кызматкерлери!

22-09-2025 Модератор

ЭСКЕРТҮҮ 

Урматтуу жарандар жана “Кыргызнефтегаз” ААКнын кызматкерлери!
 
Акыркы күндөрү белгисиз шылуундар компаниянын жетекчиси Нургазы Нишановдун жана Директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиевдин атын жана сүрөтүн колдонуп, WhatsApp аркылуу байланышып, кызматкерлерди жана жарандарды алдоого аракет кылышууда.
 
Мындай аракеттер толугу менен жалган жана “Кыргызнефтегаз” ААКнын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок.
 
Сиздерден өтүнөбүз:
• Шектүү билдирүүлөргө жана чалууларга жооп бербеңиздер;
• Жеке жана каржылык маалыматыңызды эч кимге бөлүшпөңүздөр;
• Мындай учурлар тууралуу дароо укук коргоо органдарына же биздин коопсуздук кызматтарга кабарлаңыздар.
 
 “Кыргызнефтегаз” ААК ЭСКЕРТЕТ:
Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын каржылык коопсуздугуна көңүл буруңуз. Шылуундарга алданбаңыз!