"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

Технологиялык транспорт башкармалыгында футболдук мелдеш өткөрүлдү

19-10-2026 Модератор

Технологиялык транспорт башкармалыгында футболдук мелдеш өткөрүлдү

Технологиялык транспорт башкармалыгында кызматкерлер арасында ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу жана командалык биримдикти чыңдоо максатында ички бөлүмдөр аралык футболдук беттеш өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага башкармалыктын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, өздөрүнүн шамдагайлыгын, чеберчилигин жана командалык оюндагы жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Беттеш кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга белектер жана дипломдор тапшырылды.

Мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого, өз ара достук мамилелерди бекемдөөгө жана жамааттын ынтымагын арттырууга өбөлгө түзөт.