«Кыргызнефтегаз» ААК менен “Sinopec” компаниясынын кызматташтыгы кеңейүүдө
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев баштаган жумушчу топ Кытайдын Sinopec компаниясынын чакыруусу менен Кытай Эл Республикасына барды.
Иш сапардын алкагында Пекин шаарында өткөн мунай-газ инженериясынын технологиялары боюнча эл аралык конференцияга катышып, мунай-газ тармагындагы жаңы технологиялар, заманбап бургулоо ыкмалары жана геофизикалык изилдөөлөрдүн дүйнөлүк практикада колдонулуп жаткан алдыңкы ыкмалары менен таанышты.
Конференциянын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев менен Sinopec компаниясынын жетекчилигинин ортосунда жолугушуу болуп, мунай-газ тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Нанкин шаарында өткөн Sinopec компаниясынын геофизикалык технологиялар боюнча семинарына катышты. Семинардын жүрүшүндө заманбап геофизикалык технологиялар, мунай-газ кендерин изилдөө жана чалгындоо иштеринин жаңы ыкмалары боюнча маалыматтар берилди.
Кыргыз Республикасында жалпысынан 19 тоо аралык бассейн бар. Алардын ичинен Алай бассейни мунай-газ ресурстарын издөө жана геологиялык чалгындоо багытында перспективдүү аймактардын бири катары каралууда.
Sinopec компаниясынын адистери Алай бассейни боюнча буга чейинки геологиялык жана геофизикалык маалыматтарды карап чыгып, бассейндин мунай-газ потенциалын изилдөө үчүн заманбап технологияларды колдонуу боюнча өз сунуштарын беришти. Ошондой эле компания Алай өрөөнүндө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү багытында «Кыргызнефтегаз» ААК менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Алдын ала баалоолор боюнча, Алай бассейнинин мунай ресурстарынын потенциалы 2-4 млрд тоннага чейин болушу мүмкүн деген маалымат айтылды. Бул көрсөткүч алдын ала баалоо болуп саналат жана анын так көлөмүн аныктоо үчүн кошумча комплекстүү геологиялык жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.
Иш сапардын жыйынтыгында «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев менен
Sinopec Geophysical Corporation компаниясынын башкы директору Чжан Юй (张宇) эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту