"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

“Кыргызнефтегаз” ААК “Нефтчи” футбол клубуна жаңы автобус тапшырды

29-09-2025 Модератор

Кочкор-Ата шаарындагы “Нефтчи” футбол клубу жаңы заманбап автобус менен камсыз болду. Бул белекти “Кыргызнефтегаз” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов салтанаттуу түрдө клубка тапшырды.

Белгилей кетсек, “Нефтчи” клубу көп жылдан бери “Кыргызнефтегаз” компаниясынын колдоосунда. Мурдараак клубтун өз үй стадиону — “Нефтчи Арена” капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Нургазы Нишановдун айтымында, бул колдоолор өлкө башчысы Садыр Жапаровдун спортко жана жаштарга түз шарттарды түзүү боюнча тапшырмасына ылайык ишке ашууда. Жаңы автобус Кытайдан алынып келинген жана аны алуу ишине инвестор-компаниялар да каржылык салым кошкон. Н.Нишанов алардын жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Төрага футболчуларга ийгиликтерди каалап, “Нефтчи” клубунун келечекте эл аралык аренага чыга турганына ишеним артарын белгиледи.

Эске сала кетсек, “Нефтчи” клубу буга чейин Кыргызстандын чемпиону болгон жана өлкөдөгү алдыңкы командалардын бири болуп саналат.