"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

Мугалимдер күнү!

07-10-2025 Модератор

Урматтуу мугалимдер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 Ар бир мамлекеттин келечеги билимдүү муундардын колунда. Бул улуу жана ыйык иште Сиздердин ордуңуздар өзгөчө. Сиздер — жаштардын жүрөгүнө жарык чачкан шам, коомду алдыга сүрөгөн негизги күчсүздөр.

“Кыргызнефтегаз” ААКсы катары биз билим берүү тармагына ар дайым өзгөчө көңүл буруп, билимге болгон колдообузду туруктуу көрсөтүп келебиз. Анткени ар бир ийгиликтүү инженердин, адистин, жетекчинин артында — анын алгачкы мугалими турат. Бул — акыйкат жана өзгөрбөс чындык.

Ушул жарык майрам күнү Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыдамкайлык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм. Ар бир берген билимиңиз, айткан акыл-насаатыңыз жаштардын жүрөгүндө улуу из калтырсын!

Сиздерге терең урмат жана таазим менен,

Н. Нишанов

“Кыргызнефтегаз” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы