Урматтуу телевидение жана радио кызматкерлер!
Сиздерди 8-Декабрь — Телевидение жана радио күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бүгүнкү коомдун маалыматтык коопсуздугун камсыздоодо, калкка так жана ыкчам маалымат жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө мааниге ээ. Телерадио – бул коомдун абийири, эл менен бийликтин, мекеме менен коомчулуктун ортосундагы маанилүү көпүрө. Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер ар дайым тактыкты, айкындыкты жана чынчылдыкты талап кылат.
«Кыргызнефтегаз» ААК жамааты сиздердин учурдагы коомдогу ордуңуздарды жогору баалайт жана биздин ишибизди туура, объективдүү чагылдыруу боюнча үзгүлтүксүз кызматташууга терең ыраазычылык билдирет.
Эмгегиңиздер ар дайым сый-урматка бөлөнсүн. Үй-бүлөлөрүңүздөргө тынчтык, ден соолук, бакыт жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайм. Ишинин майын чыгарган чебер калемгерлерге, операторлорго, алып баруучуларга, монтажчуларга жана жалпы телерадио тармагынын ар бир кызматкерине чексиз алкыш!
Майрамыңыздар кут болсун!
Урматтоо менен,
Н. Нишанов
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы