«Кыргызнефтегаз» ААК алгачкы ирет инвестициялык форум өткөрдү
Бүгүн 9-декабрда Бишкектеги «Кыргызнефтегаз» ААК өз тарыхында биринчи жолу инвестициялык форум өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, бизнес чөйрөсүнүн катышуучулары келип, компаниянын жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык долбоорлору менен таанышты.
Форумдун жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААК төмөнкү багыттар боюнча презентацияларды сунуштады:
• 5 кен аянтында чалгындоо иштерин жүргүзүү;
• Учурда иштетилип жаткан мунай жана газ кендеринде 150 эксплуатациялык скважинаны бургулоо;
• Иштеп жаткан объектилерде 300 скважинада капиталдык оңдоо иштерин аткаруу.
Иш-чарага Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Туркия мамлекеттеринен, ошондой эле Кыргызстандагы жеке инвесторлор катышты.
“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов сөзүндө «Кыргызнефтегаз» 15 жылдан бери инвесторлор менен иштөөдө олуттуу тажрыйбага ээ экенин белгилеп, учурда да чет элдик компаниялар менен ийгиликтүү кызматташуу жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле компаниянын акцияларынын басымдуу бөлүгү мамлекетке тиешелүү болгондуктан президенттин жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен чон жумуштар аткарылып жатканын баса белгиледи.
Директорлор кеңешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиевдин айтымында бул форум компаниянын имиджин көтөрүү жана чет элдик капиталды тартуу максатында уюштурулганын белгилеп, «Кыргызнефтегаз» ААК тарыхында мындай форматтагы иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатканын айтты.
Форумга жалпы 120дан ашуун инвестор катышып, иш-чаранын жыйынтыгында «Кыргызнефтегаз» ААК бир катар компаниялар менен эки тараптуу меморандумдарга кол койду.