2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат
2025-жылы «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан өндүрүштүк, инвестициялык жана социалдык багыттар боюнча пландуу иштер аткарылды.
Өндүрүш көрсөткүчтөрү:
Мунай өндүрүү жыл жыйынтыгы менен 165 миң тонна өндүрүлдү.
Табигый газ өндүрүү 26млн 247 миң куб.метрди түздү.
Бургулоо иштери боюнча 54 500 погон метр аткарылды.
КПК мунай иштетүү заводун модернизациялоо:
КПКны модернизациялоо иштери Spec Engineering Inc. компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Проект башталгандан бери 167,6 млн АКШ доллары каржыланды. Анын ичинен 2025-жылы 118,3 млн АКШ доллары өздөштүрүлдү.
Сатып алуулар:
2025-жылдын 11 айында 83,3 млн сомго материалдар, жабдуулар жана кызматтар сатып алынды.
Капиталдык курулуш жана ремонт:
2025-жылы капиталдык курулуш иштерине 109,1 млн сом, капиталдык ремонт иштерине 38,8 млн сом багытталды. Иштердин алкагында өндүрүш объектилери, нефтепроводдор, насостук станциялар, резервуарлар жана административдик имараттар курулуп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Инвестициялык ишмердүүлүк:
2025-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында инвестициялык форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 7 компания менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Учурда чет өлкөлүк инвесторлор менен кызматташуу боюнча мыйзам чегинде иштер жүргүзүлүүдө.
Социалдык багыт:
2025-жылы «Зорька» балдар эс алуу борборунда 1140 бала эс алды. Санаторий-профилакторий, пансионаттар жана эс алуу жайлары үзгүлтүксүз иш алып барды. Коомдун карамагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 650 бала тарбияланууда. Ошондой эле «Нефтчи» күрөш клубунун спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку жетишкендиктерге жетишти.
Профсоюздук ишмердүүлүк:
2025-жылы 4063 балага жаңы жылдык белектер берилди. 25-июлда жаңы жамааттык келишим бекитилип, социалдык кепилдиктерди жөнгө салуучу өзгөртүүлөр киргизилди.
«Кыргызнефтегаз» ААК алдыга коюлган милдеттерди аткаруу менен өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин социалдык шарттарын жакшыртууга багытталган иштерди улантууда.