Бүгүн Технологиялык транспорт башкармалыгында эмгек жамааты менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы С. Четимбаев катышып, мекеменин кызматкерлери менен пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчи эмгек жамаатынын көйгөйлүү маселелерин жеринде угуп, аларды чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле С. Четимбаев кызматкерлерге тамак-ашка каралган акча каражаты кайрадан бериле баштарын маалымдады.
Жолугушууда кызматкерлер автоунаалардын тетиктерин алуудагы айрым мүчүлүштүктөргө токтолуп, бул жагдай айдоочуларга кыйынчылык жаратып жатканын белгилешти. Мындан сырткары, көп жылдан бери курулушу аяктай элек автоунаа жуучу жайдын курулушу боюнча да маселе көтөрүлдү.
Жыйынтыгында С. Четимбаев айтылган маселелерди чечүү үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, аларды кыска мөөнөттө карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.