"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

“Кыргызнефтегаз” ААКсында өндүрүштүк жыйын өттү

17-03-2026 Модератор

“Кыргызнефтегаз” ААКсында өндүрүштүк жыйын өттү

«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев кезектеги өндүрүштүк жыйын өткөрүп, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелерди талкуулады.

Жыйында технологиялык транспорт жана нефтегаз өндүрүү башкармалыктарындагы техникалардын абалы, кызматкерлерди коопсуздук каражаттары менен камсыз кылуу, жумушка кабыл алуунун ачык-айкын жүргүзүлүшү, ошондой эле өндүрүштөгү социалдык маселелер каралды.

Мындан тышкары жаңы скважиналарды бургулоо боюнча долбоорлордун аткарылышы, жаңы технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү, ишкананын лабораториясын аккредитациядан өткөрүү, автоунаа жуучу жайдын курулушу жана 2026-жылдын бюджетинин долбоору талкууланды.

Ошондой эле, мазут менен камсыз кылуу, кредитордук жана дебитордук карыздардын абалы, өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды өз убагында камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилип, өндүрүштүк иштерди өз убагында аткаруу милдети коюлду.