«Кыргызнефтегаз» кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо күчөтүлдү
«Кыргызнефтегаз» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы С. Четимбаевдин буйругуна ылайык, ишкананын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бир катар социалдык жеңилдиктер киргизилди.
Атап айтканда, ишкананын карамагындагы «Нефтчи» санаторий-профилакториясына кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн жолдомолор акысыз берилет. Бул чечим алардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 18-мартынан тартып «Зорька» жайкы балдар эс алуу борборуна барган кызматкерлердин балдары үчүн мурда киргизилген 2000 сом өлчөмүндөгү төлөм жокко чыгарылды. Эми балдар аталган борбордо акысыз эс ала алышат.
Бул чечимдер кызматкерлерди жана ардагерлерди социалдык жактан колдоого, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.