С. Четимбаевдин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу «Кыргызнефтегаз» ААКсынын кызматкерлери жана кесиптештер!
Сиздерди жана үй-бүлөлөрүңүздөрдү Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам – берилгендиктин, боорукердиктин жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын символу.
Бул күндө ар бирибиздин үйүбүздө тынчтык, бакыт жана береке толук болсун. Сиздерге жана жакындарыңыздарга ден-соолуктун чыңдыгын, бакыттын көптүгүн жана бейпилдикти каалайм.
Майрам баарыбызга кубаныч, ынтымак жана жакшы маанайды алып келсин!
С. Четимбаев
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы