"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААКсында өндүрүштүк кеңешме өттү

25-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ААКсында өндүрүштүк кеңешме өттү

2026-жылдын 25-мартында «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыктын төрагасы С. Четимбаевдин жетекчилиги алдында өндүрүштүк кеңешме өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө технологиялык транспорт жана нефтегаз өндүрүү башкармалыктарындагы техникалык маселелер, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, коопсуздук каражаттары менен камсыз кылуу жана жумушка кабыл алуунун ачык-айкындуулугу талкууланды.

Ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүү багытында жаңы скважиналарды бургулоо, ГРП кызматын өз күчү менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү, лабораторияны аккредитациялоо жана автоунаа жуучу жайдын курулушу боюнча маселелер каралды.

Каржылык абал, өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды өз убагында жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.