"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев мекемеде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди

27-03-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаев мекемеде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бул демилге кыргыз тилинин коомдогу ордун бекемдөөгө, аны иш кагаздарда кеңири колдонууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Мамлекеттик тилди колдонуу — улуттук баалуулуктарды сактоонун жана урматтоонун маанилүү бөлүгү.

Ар бир кызматкер иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү менен тилдин өнүгүшүнө өз салымын кошот.