"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

Кыргызнефтегаз» ААКсында профсоюз уюмунун төрагасы жумушчулар менен жолугушуу өткөрдү

01-04-2026 Модератор

Кыргызнефтегаз» ААКсында профсоюз уюмунун төрагасы жумушчулар менен жолугушуу өткөрдү

«Кыргызнефтегаз» ААКсынын профсоюз уюмунун төрагасы Урмат Турдалиев Технологиялык транспорт башкармалыгында эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  профсоюз уюму тарабынан аткарылган иштер боюнча кеңири отчеттук маалымат берилди. Ошондой эле ал уюмдун алдыдагы пландары менен бөлүшүп, жумушчулардын укуктарын коргоо жана социалдык камсыздоону күчөтүү багытындагы иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар тарабынан ар кандай суроолор берилип, аларга тиешелүү жооптор айтылды. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, кызматкерлер менен ачык диалог түзүүгө өбөлгө болду.