«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ААК: ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА 5 КАРООЛЧУ ЖУМУШТАН ЧЕТТЕТИЛДИ
«Кыргызнефтегаз» ААКнун Коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында «Избаскент» тилкесинде жайгашкан аймактарда 5 кароолчу кызматкер жумуш учурунда белгиленген кызмат ордунда жок болгондугу аныкталды.
Коопсуздук кызматы стратегиялык объектилерди жана кең аянттагы мекемелерди кайтаргандыктан, мындай тартип бузууларга жол берилбеши керек.
Жыйынтыгында аталган 5 кызматкер ээлеген жумуш ордунан бошотулду. Ошондой эле жооптуу инспектор ээлеген кызматынан бошотулуп, төмөнкү кызматка которулду.