"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАНЫН ТАКТАЛЫШЫ БУРГУЛОО ИШТЕРИН ЖАНДАНДЫРУУГА ЖОЛ АЧТЫ

22-04-2026 Модератор

БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАНЫН ТАКТАЛЫШЫ БУРГУЛОО ИШТЕРИН ЖАНДАНДЫРУУГА ЖОЛ АЧТЫ

“Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагасы С. Четимбаев Баткен облусуна барды
“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы С. Четимбаев Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кайрагач участогунда болду.
Иш сапардын алкагында төрага ишкананын кызматкерлери менен жолугушуп, учурдагы өндүрүштүк иштер жана алдыдагы пландар боюнча кеңири маалымат берди.
Төрага өз сөзүндө мамлекеттик чек аранын такталышы ишкананын ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизгенин белгиледи. Буга чейин чек ара маселесине байланыштуу айрым аймактарда бургулоо иштери токтоп турган болсо, эми бул иштерди кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле “Катта -Туз” участогунда газ багытындагы скважиналарды бургулоо, газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана аймакты газ менен камсыздоо боюнча иштер пландалып жатканы айтылды.
Жолугушууда кызматкерлер тарабынан техникаларды жаңылоо, жайкы лагерь уюштуруу, өрт коопсуздугун күчөтүү, автоунаа жуучу жай жана кичи футбол аянтчасын куруу маселелери көтөрүлдү. Төрага автоунаа жуучу жай куруу зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы иштер жакын арада башталарын маалымдады. Ошондой эле көтөрүлгөн бардык маселелер этап-этабы менен чечүүгө алынарын кошумчалады.
Белгиленгендей, Кайрагач участогунун Тажикстан менен чектеш аймакта жайгашуусу буга чейин ишке бир катар тоскоолдуктарды жаратып келген. Азыркы шартта чек ара маселесинин жөнгө салынышы нефть жана газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында, төрага С. Четимбаев ишканада жүргүзүлүп жаткан бардык аракеттер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмаларынын жана көзөмөлүнүн негизинде ишке ашырылып жатканы белгиледи.
“Кыргызнефтегаз” ААКнын басма сөз кызматы