"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ААКсы КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

28-04-2026 Модератор

28-АПРЕЛЬ – ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮ!
Урматтуу кесиптештер!
28-апрель – дүйнө жүзүндө Эмгекти коргоо күнү катары белгиленет. Бул күн коопсуздук эрежелерин так сактоонун маанилүүлүгүн эске салат.
«Кыргызнефтегаз» ААК үчүн кызматкерлердин өмүрү жана ден-соолугу башкы баалуулук. Биздин максат – бардык бөлүмдөрдө эмгек коопсуздугун камсыз кылуу, жаракаттарды жана тобокелдиктерди азайтуу.
Коопсуздук – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Коопсуздук талаптарын так сактап, өзүбүздү жана кесиптештерибизди коргойлу!