Кыргызнефтегаз» ААКда өндүрүштүк эмес тармактагы кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылат
«Кыргызнефтегаз» ААКда өндүрүштүк эмес тармакта иштеген, айлык акысы 18–19 миң сомго чейин болгон кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу чечими кабыл алынды. Ага ылайык, алардын айлыгына 6 миң сомдон кошулат. Жогорулатылган айлык акылар 2026-жылдын 1-майынан тартып эсептелип, төлөнө баштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин өндүрүштүк эмес тармактагы кызматкерлердин эмгек акысы 2023-жылы 10 пайызга жогорулатылган.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын басма сөз кызматы