"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

Кочкор-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквием өттү

09-05-2026 Модератор

Кочкор-Ата шаарында Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквием өттү
Бүгүн, 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата Кочкор-Ата шаарында митинг-реквием өткөрүлдү. Иш-чарага райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, эмгек жамааттары жана шаар тургундары катышты.
Аталган иш-чарага «Кыргызнефтегаз» ААКнын эмгек жамааты да активдүү катышып, Башкармалыктын төрагасы С. Четимбаев жетектеген жамаат Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталардын элесине таазим кылышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлеринин эрдиги эскерилип, алардын мекен үчүн көрсөткөн каармандыгы муундан-муунга үлгү экени белгиленди.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын басма сөз кызматы