"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаз» ААКда эмгекти коргоо системасы борборлоштурулат

12-05-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаз» ААКда эмгекти коргоо системасы борборлоштурулат

«Кыргызнефтегаз» ААК өндүрүштүк коопсуздукту жана эмгекти коргоону күчөтүү максатында башкаруу тутумун реформалоо демилгесин көтөрдү. Аталган маселе Коомдун Башкармалыгынын отурумунда каралды.

Акыркы жылдардагы талдоолор көрсөткөндөй, 2022–2025-жылдар аралыгында өндүрүштө 5 кырсык катталып, анын ичинен 2 учур өлүм менен аяктаган, ал эми 3 кызматкер оор жаракат алган. Бул жагдай коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын көрсөтөт.

Учурдагы жободо эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча инженерлер түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине баш ийип келген. 

Ушуга байланыштуу, «Кыргызнефтегаз» ААК коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык, эмгекти коргоо жана коопсуздук адистерин борборлоштуруу, алардын көз карандысыздыгын камсыздоо, бирдиктүү тартип жана отчеттуулукту киргизүү, ошондой эле адистерди ротациялоо каралды.

Мындан ары эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча инженерлер коомдун борбордук аппаратына караштуу тиешелүү кызматтын курамында иш алып барышат.

«Кыргызнефтегаз» ААКнын басма сөз кызматы