"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

С. Т. Четимбаевдин Курман айт майрамы менен куттуктоосу

26-05-2026 Модератор

Урматтуу мекендештер!
Ардактуу кесиптештер жана өнөктөштөр!
 Сиздерди ыйык Курман айтыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Курман айт — боорукерликти, кайрымдуулукту, ынтымакты жана сабырдуулукту даңазалайт. Бул күнү тилектерибиз кабыл болуп, мамлекетибизде тынчтык, элибиздин жашоосу өнүгүү жана ийгиликтер менен коштолсун. Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, бакыт, мол ырыскы жана ынтымак каалайм. Жасаган курмандыктарыңыздар, тилеген тилек-дубаларыңыздар кабыл болсун!
 
Урматтоо менен,
“Кыргызнефтегаз” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы
С. Т. Четимбаев