"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

С.Т. Четимбаевдин Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктоосу

01-06-2026 Модератор

Кымбаттуу бөбөктөр!

Сиздерди 1-июнь – Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Балдар – биздин келечегибиз, өлкөбүздүн эң баалуу байлыгы. Алардын бактылуу балалыгы, сапаттуу билим алышы жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү ар бирибиздин негизги милдетибиз болуп саналат.

«Кыргызнефтегаз» ААК жаш муундарга кам көрүүнү өзүнүн маанилүү социалдык багыттарынын бири катары карап келет. Ишкана тарабынан балдардын эс алуусуна жана ден соолугун чыңдоого шарт түзгөн «Зорька» балдар лагери үзгүлтүксүз иштеп, жүздөгөн балдардын жайкы эс алуусун жыл сайын уюштурат. Ошондой эле, ишкананын карамагындагы бала бакчалардын ишин колдоо аркылуу балдардын тарбияланышы жана өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттар камсыздалууда.
Ар бир бала мээримге бөлөнүп, ден соолугу чың, билимдүү жана бактылуу болуп өссүн!

Урматтоо менен,
С.Т. Четимбаев
«Кыргызнефтегаз» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы.