«Зорька» эс алуу лагеринде жайкы сезон ачылды
«Кыргызнефтегаз» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы С. Четимбаев* балдарды жайкы эс алуу сезонунун башталышы менен куттуктап, аларга ден соолук, көңүлдүү жана пайдалуу эс алуу каалады. Төрага окуучуларды билимге умтулууга, китеп окууга чакырып, ийгиликке жетүүнүн негизги жолу билим экенин белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга китептер белекке берилип, бардык эс алуучуларга балмуздак таратылды.
Майрамдык программа концерттик номерлер, кызыктуу оюн-зооктор жана чыгармачылык көрсөтүүлөр менен коштолуп, балдарга жагымдуу маанай тартуулады.
Профсоюз уюмунун төрагасы *Урмат Турдалиев* лагерде балдардын коопсуз, жайлуу жана сапаттуу эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, 10 күндүк эс алуу мезгилинде балдар үчүн маданий, спорттук жана таанып-билүүчү иш-чаралар уюштурулуп, сапаттуу тамак-аш менен камсыздалат. Ошондой эле ишкана кызматкерлердин ден соолугуна жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык колдоосуна өзгөчө көңүл буруп келерин баса белгиледи.
Быйыл «Зорька» лагеринде жалпы *4 агым* уюштурулуп, *1600дөн ашуун баланын* эс алуусу пландалууда. Учурда биринчи агымда *420 бала* эс алууда. Алардын арасында «Кыргызнефтегаз» ААКнын кызматкерлеринин балдары үчүн акысыз эс алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Белгилей кетсек, буга чейин лагердин аймагына *16 жаңы коттедж* курулуп, пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, «Кыргызнефтегаз» ААК жакынкы аралыкта «Нефтчи» эс алуу жайында заманбап *A-frame* үлгүсүндөгү жаңы эс алуу үйлөрүн курууну пландап жатат.
*«Кыргызнефтегаз» ААКнын Басма сөз кызматы*