"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

КОЧКОР-АТАДА «НЕФТЧИ» КЛУБУНУН ОКУУ-МАШЫГУУ БАЗАСЫ ЖАҢЫЛАНЫП, ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

27-06-2026 Модератор

КОЧКОР-АТАДА «НЕФТЧИ» КЛУБУНУН ОКУУ-МАШЫГУУ БАЗАСЫ ЖАҢЫЛАНЫП, ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
 
Бүгүн, 27-июнь күнү, Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» футбол клубунун заманбап окуу-машыгуу базасы жаңыланып, расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Жаңы окуу-машыгуу базасы менен Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев жеринен таанышып, клубдун машыктыруучулары жана жаш тарбиялануучулары менен жолугушту.
Комплекс 30 орундуу мейманкана-административдик имараттан жана Н. Исанов атындагы мектеп-интернатынын аймагында жайгашкан жасалма төшөлмөлүү машыгуу талаасынан турат. Машыгуу аянтчасы көрүүчүлөр үчүн заманбап трибуналар менен жабдылган.
 
Имараттын биринчи кабатында машыгуу залы, ашкана, тамак даярдоочу блок, душ кабиналары жана санитардык жайлар жайгашса, экинчи кабатында футболчулар үчүн ыңгайлуу бөлмөлөр, машыктыруучулар жана дарыгерлер үчүн кабинеттер, конференц-зал, жолугушуулар бөлмөсү, массаж жана физиотерапия кабинети, кеңсе, кир жуучу жана жуунуучу жайлар каралган.
 
Жаңыланган окуу-машыгуу базасы футболчулардын сапаттуу даярдыгын камсыздап, жаштар командаларынын машыгуусуна жана окуу-жыйындарын өткөрүүгө бардык зарыл шарттарды түзөт.
Бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегаз» ААК «Нефтчи» клубунун окуу-машыгуу базасын өнүктүрүүгө каржылык колдоо көрсөтүп, заманбап шарттарды түзүү аркылуу жаш таланттарды тарбиялоого жана кыргыз футболунун өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошуп келет