«Кыргызнефтегаз» ААК селдин кесепеттерин жоюу иштерине активдүү катышууда
2026-жылдын 13-июлунда саат 19:30 чамасында Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Кочкор Ата шаарында 417 турак үйдүн короосун суу каптап, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине сел суусу кирген.
Мындан тышкары, селден 4 коомдук тамактануучу жай (кафе), 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу жабыркаган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан 85 кызматкер жана 20 оор инженердик техника тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Ошондой эле, ишкананын кен аймактарында тартылган газ түтүктөрү, май куючу жайы жана ишканага караган цехтер да селден жабыркап, учурда алардын абалын аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча тиешелүү ыкчам иштер жүргүзүлүүдө