"Кыргызнефтегаз" ААК

Өлкө үчүн энергиянын ишенимдүү булагы. "Кыргызнефтегаз" ААК

«Кыргызнефтегаздын" иши илгерилейт!

28-08-2026 Модератор

«Кыргызнефтегаздын" иши илгерилейт!

 «Кыргызнефтегаз» ААК менен «Синьцзянь Орто Азия мунай-газ компаниясы» ЖЧКсынын ортосунда мунай-газ тармагында стратегиялык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумга «Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Четимбаев Самсаалы Темирбекович жана «Синьцзянь Орто Азия мунай-газ компаниясы» ЖЧКсынын башкармалыгынын төрагасы Ли Вэньбинь кол коюшту.

Кызматташтыктын негизги багыттары катары мунай жана газ өндүрүүнү интенсификациялоо, скважиналарды бургулоо жана капиталдык оңдоо, катмарды гидравликалык жаруу (ГРП), заманбап өндүрүштүк жана санариптик технологияларды киргизүү белгиленди.

Ошондой эле тараптар «Майлуу-Суу IV – Чыгыш Избаскент» кениндеги иштебей турган скважиналарды калыбына келтирүү, геологиялык-геофизикалык маалыматтарды кайра талдоо жана терең горизонттордун мунай-газ потенциалын изилдөө боюнча кызматташууну пландашууда.

Меморандум тараптардын өз ара тажрыйбасын жана заманбап технологияларын колдонуу менен Кыргызстандын мунай-газ тармагындагы өндүрүштүк потенциалды жогорулатууга багытталган