«Кыргызнефтегаз» ААКда кесиптик майрамга карата сыйлоо аземи өттү
«Кыргызнефтегаз» ААКнын мекемелеринде кызматкерлердин кесиптик майрамына карата чакан майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, эмгеги менен айырмаланган кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Белгилей кетсек, сентябрь айынын биринчи жекшембиси ишканада мунай жана газ тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз ишине жоопкерчиликтүү мамилеси, жогорку кесипкөйлүгү жана эмгекчилдиги менен айырмаланган кызматкерлерге «Мыкты нефтчи» медалы, Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Былтыр кесиптик майрамга карата 34 кызматкерге 3000 сомдон акчалай сыйлык берилсе, быйыл сыйлануучулардын саны 151 адамга жетип, ар бирине 5000 сомдон тапшырылды.
Иш-чарада «Кыргызнефтегаз» ААКнын төрагасы С. Четимбаев сөз сүйлөп, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Жетекчи өз сөзүндө ишкананын учурдагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, алдыда аткарыла турган маанилүү иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле ишкананын учурдагы финансылык абалына токтолуп, «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкы мекемелер алдында карызы жок экенин белгиледи.
Атап айтканда, мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо, жаңы кен аянттарын өздөштүрүү жана ишкананын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу багытында пландалып жаткан иштер белгиленди.
Ошондой эле төрага ишкананын жетишкен ар бир ийгилигинде кызматкерлердин талыкпаган эмгеги, кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги чоң мааниге ээ экенин белгилеп өттү.
Өндүрүштүк багытта да бир катар маанилүү иштерди ишке ашыруу пландалууда. Тактап айтканда, 2026-жылдын аягына чейин дагы 15 жаңы скважинаны бургулоо жана сыноодон өткөрүүнү аяктоо пландаштырылууда. Жыл аягына чейин аталган скважиналардан кошумча 175 тонна мунай өндүрүү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, 2026-жылдын аягына чейин 15 жаңы скважинада гидравликалык жаракалоо (ГРП) иштерин аяктоо пландалууда. Бул иштердин натыйжасында жыл аягына чейин кошумча 1400 тонна мунай өндүрүү күтүлөт. Жалпысынан, жүргүзүлүп жаткан иштердин эсебинен кошумча 1575 тонна мунай өндүрүү пландалууда.
Кесиптик майрам — бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин эмгегин баалоо менен бирге, алдыга коюлган максаттарды жаңы дем менен ишке ашырууга өбөлгө түзгөн маанилүү күн. «Кыргызнефтегаз» ААКнын жамааты алдыда да ишкананын өнүгүшүнө салым кошуп, өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү жогорулатуу жана жаңы жетишкендиктерди багындыруу максатын көздөйт.